Канаданын Камлупс деп аталган шаарчасынын жанында аскердик учак бийиктен жерге кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Кырсыкка учураган Канаданын аскер-аба күчтөрүнүн учагы болгону жазылат маалыматта.
"Учак адамдар жашаган районго кулап түшкөн. Кырсык болгон маалда учакта төрт адам болгон. Эки учкуч катапульта менен ыргып кетүүгө жетишкен. Бир учкуч аял жеринен каза тапкан. Дагы бир учкуч өтө оор абалда ооруканага жеткирилген. Учак кулаганда бир турак үй өрттөнүп кеткен. Бактыга жараша үйдө киши болгон эмес" , - деп жазылат маалыматта.