"Менин айылымда 11 адам каза болду. Сендей акылдуу болбогонубуз үчүн кечирим сурайм". Хабиб Нурмагомедов коронавируска ишенбеген катталуучусуна жооп берди

UFC уюмунун чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов атасы ооруп жаткандыгына байланыштуу өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына коронавирустун алдын алып, үйдөн чыкпай турууну мекендештеринен видео кайрылуу аркылуу суранган.

Видео кайрылуунун астына катталуучулардын бири коронавирус инфекциясына ишенбей тургандыгын жана бул оору калп экенин жазган.

"Менин айылымда 500дөн ашык адам бир заматта бул инфекция менен ооруп калышты. 11 адам коронавирустан каза болду жана ондогон адамдар ооруканада жатышат. Коңшу айылыбызда бир түндө 14 адам каза болуп, аларды көмө албай жатышат. Сендей акылдуу болбогонубуз үчүн кечирим сурайм", - деп жооп берген мушкер коронавируска ишенбеген катталуучусуна.

Эске салсак, 30-марттан баштап коронавирус инфекциясынын алдын алуу максатында Орусиянын көптөгөн аймактарында карантин киргизилген жана 12-майда өлкө президенти Владимир Путин жумушчу эмес күндөр токтотулганын жар салган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AdylbekB84
2020-05-21 00:08:03
Бизде дагы ишенбеген акылдуулар көп болуп жатат чоңдор акча жеш үчүн чыгарып деп! Чоңдордун акча жегени башка маселе, корона вирус башка маселе болуп жатпайбы! Ошолор ата- энесин жаш балдарын ойлобогону таң калтырат!
+18
gul3ina
2020-05-21 08:08:49
Ошо ишенбегендер ооруп калса бышактап жардам сурашат
+9
Munir81
2020-05-21 09:10:55
gul3ina,туура айтасын башына келбесе билбейт баары
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан