АКШ соту биринчи жолу Атлантика океанына 100 жылдан ашык мурун чөгүп кеткен британиялык "Титаник" кемесинин сыныктарын изилдөө үчүн адистерге уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Титаник" кемесин изилдөө иштери жай айында башталат. Изилдөөчүлөр биринчи кезекте "Marconi" зымсыз телеграфын табууну көздөп жатышат. Телеграф аркылуу кеменин экипажы катуу сигнал жибергендиги айтылат. Бул телеграф аркылуу кеменин эмне себептен бир заматта чөгүп кеткенин билүүгө болот. Мисалы: лайнер эмне үчүн эскертүү билдирүүлөрүн өткөрүп жиберген. Мындан тышкары телеграф аркылуу кеменин чөгүп кетишинин дагы башка жагдайлары чыгышы мүмкүн.
"Титаник" кемеси 1912-жылы Англиядан АКШга сапар алган. Кемеде эң бай англиялыктар жана дүйнөнү көргүсү келген эмигранттар да бар болгон. Сапардын төртүнчү күнү кеме айсберг менен кагылышкан. Бул кырсыктан 1 миң 500дөй адам набыт болгон.