21-майга карата өлкөдөгү коронавирус тууралуу кабарлардын ток этери менен таанышкыңыз келсе...

21-майга карата коронавирус менен ооруган бейтаптардын ичинен 19у стационарлардан чыгарылды. Муну менен өлкөдө бул оорудан айыккандардын жалпы саны 929.

Өлкө боюнча сутка ичинде дагы 43 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Өлкөдө коронавирус аныкталгандардын саны жалпы 1 миң 313кө жетти.

Кыргыз өлкөсүнүн аймагында коронавирус диагнозу менен ооруканаларда 370 адам жатат. Анын ичинен бешөө жандандыруу бөлүмүндө, обсервацияда 1902 адам жатат.

Өлкөдө дагы 4 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында катталгандар - 270. Анын ичинен 223ү оорудан айыгып үйлөрүнө чыгарылган.

Бишкек шаардык мэриясы 25-майдан баштап ишин жанданта турган ишмердүүлүктөрдүн катарына спорт залдарды, машыгуу залдарын, фитнес-клубдарды жана бассейндерди кошту. 24-майда Орозо айт намазы аянтта жана мечиттерде окулбай тургандыгы маалым болду.

Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды, 18-майды, 19-майды, 20-майды окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан