Депутат Талант Мамытов ишкерликти, дыйканчылыкты, мал чарбачылыкты колдоо боюнча өкмөткө сунуштары бар экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Ишкерликти, дыйканчылыкты, мал чарбачылыкты колдоо боюнча, жумуш орундарын сактап калууга байланыштуу бир топ сунуштарыбыз бар. Өкмөттүн өкүлдөрү келсе, бул маселени кенен талкууласак жакшы болмок. Бул жерде депутаттардын суроосунун баары бүгүнкү кырдаал боюнча өкмөткө берилет. Ошондуктан жыйынга премьер-министрди чакырсак туура болот. Күн тартибинен ар кандай маселени алып салууну сунуштайм", - деди ал.
Депутаттын сунушу колдоо таап, ар кандай маселелер күн тартиптен алынды.