32 жылдык күтүү. Кытайлык үй-бүлө 32 жылдан кийин уурдалган баласын тапты

Кытайлык үй-бүлөнүн жоголгон баласы 32 жылдан кийин табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

1986-жылы 23-февралда Шенси провинциясынын Сиань шаарынын тургундары Мао Чженьцзинь жана жубайы Цзинчжи Ли уулдуу болуп, атын Мао Инь коюшкан. 1988-жылы октябрь айында атасы уулу менен бала бакчадан келатып, мейманкананын жанынан бир нерсеге алаксып, уулун таппай калган. Көз жаздымда уулун жоготуп алган ата-эне жылдап издөөгө киришкен. Апасы жумуштан чыгып, болгон убактысын издөөгө бөлгөн. Алар 10 чакты аймакты кыдырып, 100 миңдеген кулактандыруу барактарын таратышкан. Бирок канча издешсе да майнап чыккан эмес. Ата-энеси менен кошо полиция кызматкерлери да издөөнү токтотушкан эмес.

Апрель айынын башында тергөөчүлөргө Сычуань провинциясында багып алынган 34 жаштагы бала тууралуу маалымат келип түшкөн. Полициядан билдиришкендей, алар Мао Индин сүрөтүн технологиянын жардамы менен карытып, көчөлөргө коюлган видеокамералардагы жазууларга түшкөн анын курагындагы эркектердин сүрөтү менен салыштырып чыгышкан. Табылган адам менен жоготкон ата-эненин байланышы бар-жоктугун аныктоо үчүн генетикалык тест жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында табылган адам 32 жыл мурун жоголгон Мао Инь болуп чыккан.

Маалыматка ылайык, Мао Инди балалуу боло албай жүргөн түгөйлөргө 6 миң юанга (азыркы учур менен болжолдуу 65 миң сом) сатып жиберишкен. Балага багып алган ата-энеси Гу Нинн деген ысым коюшкан.
Мындай жагымдуу кабарды биологиялык энесине 10-майда Кытайдагы энелер күнүндө айтышкан. "Бул менин жашоомдогу эң сонун белек", - деген Цзинчжи Ли.
Би-Би-Си маалымат агенттиги билдиргендей, Кытайда жылына божолдуу түрдө 20 миң бала уурдалат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AdylbekB84
2020-05-21 16:08:12
Жоголгон бала атасынын копиясыго! Аллахым сактасын ушундайдан өз балаңды жоготуу ата -эне үчүн жашооңдун бүткөнү менен барабар!
+6
talaa11
2020-05-21 17:24:53
Бала атасына окшош экен копия
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан