Соль-Илецктен келгендердин арасынан 41 жаран Баткен облусунун тургундары. Алардын ичинен 5 кишиден коронавирус аныкталып, жарандар учурда Бишкек шаарында дарыланып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова маалымат берип жатып айтты.
"5 жараныбыз учурда Бишкек шаарында изоляцияга алынып, дарыланып жатышат. Калган 36 жараныбыздын тапшырган анализдери таза чыкканына байланыштуу облуска жөнөтүлгөн.
Баткенде 7 адам вирусту алып жүргөн адам менен байланышта болгондуктан, аларды Лейлек районунда обсервацияга алганбыз. Ал эми калган 25 жаран катуу көзөмөлдө үй карантинине алынды жана 4 жаран жолдо келе жатат", - деди Саттарова.