Өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөө 16-сентябрда башталат. Эмдөө алгач Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, андан кийин өлкөнүн калган аймактарында жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги пландаштырган жана борборлоштурулган иш-чаралардын эсебинен сасык тумоого каршы эмдөөнүн 119 миң 663 дозасынын биринчи партиясын сатып алган. Учурда сатып алынган вакцина республиканын бардык аймактарына таратылууда, эмдөө 16-сентябрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, андан кийин өлкөнүн бардык аймактарында башталат.
"Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу боюнча, эмдөө биринчи кезекте өнөкөт оорулары бар адамдарга, оорулуу балдарга, кош бойлуу аялдарга, иммунитети төмөн жана 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына, карылар үйүндөгү адамдарга, интернаттагы балдарга, ошондой эле медициналык адистерге жүргүзүлөт.
Вакцинанын экинчи партиясын алуу (700 миң доза) 21-сентябрдан кийин чечилет. Ал эми вакцинаны алуунун үчүнчү этабы 27-октябрдан 1-ноябрга чейин күтүлүүдө. Анда 70 миң доза вакцина алып келинет", - дейт министр.
Эмдөө ыктыярдуу жана акысыз жүргүзүлөт.
Профилактикалык эмдөө бардыгына жасалат, бирок сатып алынган вакцина бардыгын камсыз кыла албашы мүмкүн. Ошондуктан жеке медициналык борборлордо профилактикалык эмдөөнү уюштурууну күчөтүү чаралары көрүлүп жатат. Ушуга байланыштуу лицензиясы бар жеке медициналык борборлорго сасык тумоого каршы вакцина алуу үчүн акы төлөнгөн учурда сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүүгө уруксат берилет.