25 жаштагы инста-модель жамбашын чоңойтом деген кыялын ишке ашыруу үчүн көп жылдар бою акча чогулткан. Бирок кыялданган операциясы ийгиликтүү болбой, 4 ай отура албай азабын тарткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Индиялык 25 жаштагы Шилпа Седи жамбашын чоңойтуу тууралуу 20 жашынан ойлонуп баштаган. Апасынын каршылыгына карабай, ал 5 жыл бою чогулткан 10 миң доллар акчасын алып, АКШнын Майами шаарына бет алат. Кыялындагы операцияны жасатып, үйүнө барганда гана буттары ооруп, бир аз басканда аба жетпей, кыйналып баштайт. Операция жасаган хирург менен такыр байланыша албаган соң, интернеттен ал тууралуу көп маалыматты таап чыгат. Ага операция жасаган хирург жакшы ой-пикирлерди калтырган адамдарды "сатып алгандыгы" маалым болгон. "Мен тагдырымды башкаларга сабак болсун деп айтып жатам. Элди алдаган калп пикирлер менен хирургдар бизди өлтүрүп жатышат", - деген Шилпа.
Модель псевдохирургдун катачылыктарын оңдоо үчүн дагы толтура акча короткон. Жалпысынан модель жамбашына 60 миң доллар жумшаган. 4 ай бою катуу оорудан отура албай калган модель учурда Инстаграмда популярдуу моделге айланган жана жакшы киреше таап баштаган. Ал эми хирург менен укук коргоо органдары иш алып барып жатканы маалымдалат.