Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров коронавируска шектелип, медициналык көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Baza" басылмасы билдиргендей, Кадыров бир нече күн мурун алсырап жаткандыгына арызданган. Алгач ОРВИ деп ойлогон президенттин абалы кийинчерээк начарлап, Москвага дарылануу үчүн алып келишкен. Расмий эмес маалыматтарга караганда, анын өпкөсү жабыркаган жана коронавируска шектелип жатат.
Чечнянын башчысынын басма сөз кызматынан Кадыровдун ден соолугу тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышкан.
Белгилей кетсек, 21-майга карата Орусияда 317 миң 500 адам коронавирус жуктурган. Чечняда 1 миң 26 адам катталган.