"Ооруну жашырбаңыздар, ал баарыбыздын башыбызга бирдей келди". Өкмөт башчы бейтаптардын ооруканага кеч кайрылуусу өлүмдүн көп катталышына себеп болгонун айтты

Акыркы эки күндө өлкөдө коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан каза болгондордун саны бир аз азая түштү. Өлүмдүн көп катталышына бейтаптардын кеч кайрылуусу себеп болуп жатканын премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда белгиледи.

"Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү негизги талап өлүмдүн катталуусун азайтуу жана жок кылуу. Биздин анализге ылайык, өлүмдүн көп катталышы бейтаптар ооруканага кеч кайрылуусунда болуп жатат. Айрым учурда биз дагы өткөрүп жиберип алып жатабыз. Ошондуктан оорунун алгачкы белгилери байкалганда эле ооруканага кайрылып, медициналык кеңештерди, көрсөтмөлөрдү алыңыздар. Эрте кайрылсаңыздар оорудан айыкканга мүмкүнчүлүк чоң болот.

Ооруну жашыруунун кажети жок, бул баарыбыздын башыбызга бирдей келген маселе болуп жатат", - дейт Боронов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
PeRa
2020-07-21 20:39:41
Ким эле жашырынып, өлүп калайын десин. Болгону каякка барабыз деп жатышат да. Скорыйлар келбесе, каякка чалышат. Кээ бирлеринин акчалары жок, бекер дарыланасыңар десе, баары эле бармак. Элдин аң сезимин биздин врачтар акчасыз кабыл албай ушундай жакка буруп коюшкан.
+1
amirrus
2020-07-22 07:31:34
барсан кабыл албаса кантсин анан,белгилуу Чубак ажыны,Элмирбек акынды ооруканада албай коюп олуп кетишти го,карапайым Эл
кантсин анан
0
Mamajanovna77
2020-07-22 20:24:30
Доктурлар болсо үйүңдө жат.келбе дейт.дистанционно консультатция беребиз дешсе.айтып ырдап атса да кабыл албаса.бири төө десе бири бээ деп калышты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан