Интернетке Кытайдагы мектептердин бириндеги окуучулардын санитардык талаптарды аткарып жаткан видеосу тарады. Анда окуучуларга бир нече талаптар коюлган.
Алгач эле окуучу мектептин короосуна кирерде бут кийимине антисептик каражатын чачтырып, бет кабын ошол жерден таштандыга салат. Андан кийин короонун ичине кирип, кийими, сумкасы дезинфекцияланып, колун антисептик менен тазалайт, дене табы текшерилет. Бул баскычтан өткөн окуучуларга мектептин ичине кирүүгө уруксат берилип, ар бир окуучуга бет кап берилет.
Сабак учурунда бардык окуучулар бет кап тагынышат, класстан чыккан учурда колдоруна сөзсүз антисептик себишет. Окуучулар коридордо, алтургай ашканада дагы аралыкты сакташат.