
Өлкө аймагында коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн 73 адам өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Акыркы суткада 73 адам коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен:
Бишкек шаары - 13
Чүй облусу - 32
Ош шаары - 5
Ысык-Көл облусу - 12
Баткен облусу - 6
Талас облусу - 5
Республика боюнча 16 миң 726 эмдөөдөн өттү", - деп жазылат маалыматта.
Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта старт алып, анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри
Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп
эмдөөдөн өткөн.