ИИМ: Баткендеги шектүү 5 парашютчунун украиналык спортчулар экендиги белгилүү болду

Баткен аймагына түшкөн шектүү 5 парашютчунун украиналык спортчулар экендиги белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда ИИМден билдиришти. “Жайлоодогулар параплан жана дельтаплан менен эскертүүсүз учуп жүргөн украиналык спортчуларды парашютчан шектүү адамдар деп ойлошуптур. Спортчулар менен сүйлөшүү иштери жүргүзүлүп, асмандагы учуулар боюнча жергиликтүү бийликке алдын ала айтуу керектиги эскертилди”,- деп билдиришти мекемеден. Айта кетсек, 29-августта асмандан 5 парашютчу түшүп келе жатканын Ак-Сай айылына караштуу Сары-Жаз жайлоосундагылар көрүшүп, милицияга кабарлашкан эле. Андан кийин УКМК менен жергиликтүү күч органдарынын өкүлдөрү издөө жүргүзүштү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан