Тажикстанда 136 медицина кызматкери пневмония илдети менен ооруканага жаткырылды

Дүйшөмбү шаарында 136 медицина кызматкери пневмония илдети менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, №1 шаардык медициналык борборуна жалпы 319 адам пневмония оорусу менен жаткырылган, алардын ичинен 136сы медицина кызматкери. 26-апрелде 107 адам сакайып ооруканадан чыккан, ал эми 11 адам оорудан көз жумган, дагы 8 адам оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Өткөн аптада ушул эле ооруканада бир нече адам пневмониядан көз жумганы кабарланган. Ал эми 22-апрель күнү ушул эле борбордо 4 бейтап каза болгон. 23-апрелде дагы 3 адам пневмониядан каза болгонун медициналык борбордун жетекчиси билдирген.

Ал эми 24-апрель күнү 57 жаштагы дарыгер Фатто Солиев каза болгону маалымдалган.

Айта кетсек, ушул күнгө чейин Тажик бийлиги өлкөдө коронавирус илдети каттала элек деген маалымат берип келет, буга карабастан чет элдик маалымат каражаттары жана айрым окумуштуулар өлкөдө адамдар пневмониядан эмес, дал ошол коронавирустук инфекциядан көз жумуп жатканын айтышууда.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bond0202
2020-04-28 08:02:51
кенебестиктин кесепети
+7
dair_17
2020-04-28 08:07:40
Демек буларда бизден да коп окшойт вирус менен ооругандар чек араны жабып салгыла. Тажикстан мынтип жашыра берсе айрыкча Орто азия мамлекеттерине чон коркунуч туудурат.
+14
Usow
2020-04-28 08:32:22
Оорууну жашырсан дене табы ашкере кылат дегени ушул.
+4
Belek1710
2020-04-28 09:13:39
Буларда көп кыйла, тест жок болсо тапшырганга, өздөрү бизде пандемия жок деп олтурса, чет жактан ким жардам коө сунмак. Биздикилер биринчи чыкчу элу кошунага жардам бериш керек деп, алган гумпомоштун жарымын тажиктерге берсек деп!
+4
Kubatbek1974
2020-04-28 10:25:55
Кантип эле жок болсун жашырып жатат, бизденда көп болсо керек.
+3
titanik32
2020-04-28 11:14:27
Тажик президент ХХХХХ киши экен,коронавирус бар деп эле дуйно элине жарыя кылып жардам сураса болот го.Белгилуу эле болуп жатат коронавирус менен ооруп олуп жаткандары.Өпко пневмониясы менен эле ушунча киши кантип оорусун бир маалда.Эртен бурсугуну эми ачык айт бул жагы болбой калды деп.
+4
chake
2020-04-28 11:16:39
булар кенебестик кылып койду эми акыр аягы жаман эле болот го
+2
Milduri
2020-04-28 11:29:02
Буларда анда көп адам өлүп кетиптирго
+1
Abdu77
2020-04-28 12:50:23
Жашырып жатышат. Буларда ото эле коп
0
Mintip-menu-suybo
2020-04-28 13:11:01
Текшеребиз дегенде айлалары жок ээми ачыка чыгарышат да...Мурда эле катталган болуш керек буларда...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан