Пакистанда жүргүнчү ташуучу учак кулады. Бортто 91 адам болгону айтылууда

Пакистанда "Airbus 320" жүргүнчү ташыган учак кулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учак "Pakistan International Airlines" авиакомпаниясына таандык болгон. Учак Лахордон Карачиге ички каттам менен учкан. Geo TV агенттигинин билдиришинче, учак Карачи аэропортуна коноруна бир мүнөт калганда кырсыкка учураган. Азырынча жабырлануучулар тууралуу маалымат айтыла элек. Болжолдуу түрдө бортто 91 адам болгондугу маалымдалууда. Кырсык болгон жайга куткаруучулар жана аскер бөлүмдөрү жөнөп кетишкени маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zevs
2020-05-23 00:48:34
Tez ele taap koyot ekengo.bawka ubakta 3ayda da dayin chykpay kalat.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан