БУУ: "Йеменде коронавирус инфекциясы алда канча коркунучтуу болот"

Йемен өлкөсүндө коронавирус инфекциясы башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла оор болот жана бул оорунун айынан көптөгөн адамдар каза болушу мүмкүн. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) гуманитардык иштер боюнча расмий өкүлү Йенс Лерке билдирген.

"Эпидемиологдордун айтымында, Йеменде вирус башка өлкөлөргө караганда тезирээк тарап, көп курмандыктарга алып келиши мүмкүн. Бул өлкөдө оорулардын саны жөнүндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун расмий маалыматы бар. Бирок биз иш жүзүндө Йеменде инфекциянын саны кыйла жогору деп ойлойбуз. Бул өлкөдөгү азыркы кырдаал бизди тынчсыздандырат", - деген БУУнун өкүлү.

Анын айтымында бул өлкөдө саламаттыкты сактоо системинин жетишсиздиги, жаңжалдардын курчуп жатканы жана суунун тартыштыгы инфекциянын бат жайылышына алып келет.

Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө 197 адам коронавирусту жуктуруп алган. 33 адам каза болсо, 5 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан