Тажикстандын түндүгүндөгү Зарнисор шаарчасында Тажик-Кытай тоо-кен өндүрүш компаниясынын жумушчулары тополоң чыгарышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
21-май күнү түштөн кийин таш, таяк менен куралданган 60 чакты кытай улутундагы жумушчулар компаниянын башкы кеңсесине кол салышкан. Версиялардын биринде, Кытай жарандарынын айлыгы өз убагында берилбегенине байланыштуу чыр чыккан. Ал эми экинчи версияда коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылгандыктан, бир нече айдан бери мекенине бара албай калган жумушчулар аларды Кытайга кайтарууну талап кылышкан.
Компания өкүлдөрү жана жергиликтүү башкарма сүйлөшүү жүргүзүп, маселени чечүүгө аракет кылганы менен андан майнап чыккан эмес.
"Тополоң салгандарды токтотуу үчүн милиция кызматкерлери абага ок чыгарышты. Окуядан жарадар болгондор, каза тапкандар жок", - деп билдирген Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкери. Учурда Зарнисор шаарчасында абал туруктуу экендиги айтылат.
Белгилей кетсек, Тажик-Кытай тоо-кен өндүрүш компаниясы цинк, коргошун, жез өндүрүп келет.