Пакистандагы Карачи шаарынын аэропортунун жанында кулаган учактагы 99 жүргүнчүнүн ичинен 97си каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Такталган маалыматтар боюнча, 2 адам аман калган. Алардын абалы тууралуу кабар бериле элек. Учурда каза болгон 19 адамдын аты-жөнү такталганы айтылат.
Учактын бортунда жалпысынан 107 адам болгон. 99 жүргүнчү жана 8 экипаж мүчөсү.
Буга чейин Пакистанда жүргүнчү ташыган "Airbus 320" учагы кулагандыгы маалымдалган.
Ошондой эле Карачи шаарына жакын жерден аталган учактын кара кутусу издөө тобу тарабынан табылган.