Пакистандын Карачи шаарында жүргүнчү учагынын эл жашаган районго кулап түшкөндөгү видеосу жарыяланды. Кырсык болгон учур турак үйлөрдүн чатырында жайгашкан көзөмөл камераларынын бирине тартылып калган.
Андан кийин видео социалдык тармактарга тарап кеткен.
Чет элдик басылмалар "Pakistan International Airlines" авиакомпаниясына таандык болгон учактын кулаган жеринде куткаруучулар иштерин улантып жатканын жазышат. Мындан тышкары маалыматта учкучтун "эки кыймылдаткычымды жоготтум" деген акыркы сөзү жазылып калганы тууралуу айтылат.
Буга чейин Пакистандагы Карачи шаарынын аэропортунун жанында кулаган учактагы 99 жүргүнчүнүн ичинен 97си каза тапканы маалымдалган.