Беларуста сутка ичинде 941 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бир суткада 4 киши коронавирустан каза болду. Муну менен каза болгондордун саны 194кө жетти. Вирустан 13 миң 528 адам айыгып чыкты. Коронавирус жуктуруп алгандардын саны 35 миң 244кө жетти.