"Жолдун четине түртүп чыгарган" унаа өтүүчү трассадагы карга менен кирпинин жоругу көпчүлүктү таң калтырды

Латвияда унаа жүрүүчү трассалардын биринде таң калычтуу окуя орун алган. Анда кадимки эле карга жолдун ортосуна жатып алган кирпини коопсуз жерге чыгарууга аракет жасаган. Бул көрүнүштү тартып алган күбөнүн видеосу дароо эле интернет желесине тарап, миңдеген жылуу пикирлерди жана лайктарды чогулткан.

Видеодо көрүнгөндөй, кирпи жолдун ортосуна келип токтоп калганда артынан карга улам тиштеп жатып, акыры аны жээкке чыгарган. Көпчүлүк колдонуучулар кызыктуу окуяны "жаныбарлар дүйнөсүндөгү достук" деп аташып, адамдар ортосунда дагы ушундай камкордук болсо жакшы болмок деген пикирлерин калтырышкан.

Латвия. Карга жолдун ортосуна келип токтоп калган кирпини жээкке чыгарууга аракет жасап жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
rola
2020-05-23 22:19:56
Анча-мынча адамга караганда акылдуу карга экен
+21
JaneEr
2020-05-23 22:26:04
Кызыма жакты,айрыкча кирпинин басканы)))
+11
Bekish-
2020-05-24 00:02:17
Карга жардам бербей эле жейм деген аракет болуп жатат
-5
sumaya
2020-05-24 00:13:18
Bekish-,Жейм десе ошол жерден эле жеп баштамак да.
+5
aslan_akjol89
2020-05-24 03:16:48
sumaya,ошол жерден жейин деп чокуса кирпи жылып кетип жатат да.Атайын чыгарган эмес жолдон бул карга.
+3
Bekish-
2020-05-24 07:37:21
sumaya,карга бокту деле ошентип чокулап жейт каргп көрдүңөр беле тооба
-4
Arlenchik
2020-05-24 15:12:42
Bekish-,Каргачалык да акылын жок экенин далилдеп койдун.
-1
MENMINGO
2020-05-24 04:35:28
Бул карга жыркыч кол салып жатат, жардам бербей эле.
-1
algakaray
2020-05-24 05:11:23
Каргача мээси жоктой жазасынар да жейм деп атат деп. Жардам берип атат жанталашып, бордюрга келгенде айрыкча отуп кетсе экен деп аракеттенди. Ээрчи дегендей кылып ары да басып атат. Кытайда болсо кичинекей бала жолдо жатып калса машина кайра коруп туруп тебелеп кеткен видеону кордунор беле? Эми карганын камкордугун карагыла адамдан да ашып тушуп атпайбы.
+7
PROS
2020-05-24 19:16:11
Алаткарга жырткыч болот, жардам берди деген туура эмес, билбесеңер ала карга тууралуу маалымат алгыла анан сүйлөгүлө!!! Карга аттуунун баары мышык, ит, крыса, дегеле майда жаныбардын баарын чокуп жүрүп акыры алсыратып өлтүрүп алып жейт!!!
+1
Birimdik5555
2020-05-24 19:56:03
Ии жаман эле болдунар го,жакшылыкка жоруп кое берсенер эмне болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан