Москвадагы банк кызматкерлерин барымтага алган адамдын аты-жөнү такталды

Москва шаарындагы банктардын биринде кызматкерлерди барымтага алган адам мурда соттолуп чыккан. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат.

Ага ылайык, кылмышка шектүү 34 жаштагы Алексей Барышников аттуу Нижневартовск шаарынын тургуну экени айтылат. Ал мурда автоунааны "уурдап айдап кетүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, абакта отуруп чыкканы маалымдалат.

Бүгүн, 23-майда күндүз Алексей Барышников тамак жеткирүү кызматындагы курьер катары келип, банктагыларды жардыруучу каражаттын муляжы менен коркуткан. Андан соң аларды барымтага алып, чоң суммадыгы акча талап кылган. Жыйынтыгында кылмышкер атайын чабуул кызматы тарабынан колго түшүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurgaz
2020-05-24 00:25:49
Бийлик Садыр Жапаровду чыгаргыла, Садыр акага боштондук.
-1
bazar
2020-05-24 07:19:44
nurgaz, маладес!.. Садырды чыгарбаса ушундай болот деп кой...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан