Пакистандагы Карачи шаарынын жанында кулап түшкөн жүргүнчү учакта каза болгондордун жакындарына компенсация төлөнүп берилет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Акыркы маалыматтар боюнча, авиакырсыкта 97 адам каза тапкан. Жүргүнчүлөрдүн арасынан 3 адам аман калган. Бирок алардын учурдагы абалы тууралуу кабар бериле элек.
"Лахордон Карачи шаарына учуп келе жатканда, учак төрт турак үйдүн үстүнө кулап түшкөн. Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар урандылардын астынан 20 адамды алып чыгышкан. Алардын 17си ооруканага жаткырылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, учактын кыйрашына техникалык мүчүлүштүк же асманда канаттуулардын тобу менен сүзүшү себеп болгону болжолдонууда", - деп жазылат маалыматта.