Пакистандын Карачи шаарына жакын жерде кулаган Airbus A320 жүргүнчү ташыган учагынан аман калган 2 адамдын бири Мухаммад Зубаир окуя тууралуу жергиликтүү телеканалдарга айтып берген.
"Учак кулагандан кийин оттон башка эч нерсе көргөн жокмун. Адамдардын кыйкыргандарын гана угуп жаттым. Көзүмө жарык көрүндү. Отургучумдун коопсуздук курун чечип, ал жакты көздөй умтулдум. Ал жакка жетүү үчүн мага 3 метрдей аралыкта ылдый секиришим керек болду", - деген ал.
Анын айтымында, учкучтун биринчи конууга көргөн аракети ийгиликсиз болгондон кийин, жүргүнчүлөр сыйынып башташкан. Учак кулай тургандыгын эч ким билген эмес. Учкучтун экинчи конуу аракетинде учак кулап, Зубаир эсин жоготкон. Ал ойгонгондо бардык жерде түтүн жана ар тараптан кыйкырыктар угулган.
Зубаир азыр өзүн жакшы сезип жатат. Анын колу-буту күйүк алган. Кырсыктан аман калган экинчи адам Зафар Масуд бир нече жеринен жаракат алган.
22-майда Пакистандын Карачи шаарына жакын жерде жүргүнчү ташыган Airbus A320 учагы кулаган. Учакта 99 жүргүнчүнүн ичинен 97си каза болуп, 2 адам аман калганы айтылган.