Москвадагы зоопарктардын биринде Гитлердин крокодили өлдү

Москвадагы зоопарктардын биринде германиялыктарга таандык болгон 84 жаштагы Сатурн аттуу крокодил карылыктан өлдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Гитлерге тиешелүү болгон Сатурн крокодили 1936-жылы АКШнын Миссисипи штатында туулган. Кийинчерээк аны Берлиндеги зоопаркка алып келишкен. 1943-жылы согуш учурунда ал бомбалоодон аман калган жана үч жыл дайынсыз жок болуп кеткен. 1946-жылы Сатурнду англиялыктар таап алып, СССРге өткөрүп беришкен. Ошентип, легенда Москва зоопаркына жайгашып калган.

Белгилей кетсек, Гитлердин бул Сатурн аттуу крокодилинин түрү 30-50 жылга чейин жашашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KalenAlmaz
2020-05-24 20:41:21
Хороший новости!Крокодил капут!
+6
nurgaz
2020-05-24 20:51:09
30-50 жыл жашайт деп анан 84 жаш дегениңер кандай?
+4
Ali-han
2020-05-24 21:00:44
nurgaz,Жапайы крокодил 30-50жыл жашайт. Колго уйротулгон крокодил узагыраак жашайт. Тушундунбу?
+1
emirchik
2020-05-24 20:58:43
Жаткан жери жайлуу болсун!
+6
batleybesh
2020-05-25 08:40:08
Уч жыл дайынсыз жок болуп кеткен дегени кызык экен)))
0
Alia82
2020-05-25 09:06:25
batleybesh,ичип журсо керек да куйуттон
+5
suban78
2020-05-25 19:51:13
Alia82,Гитлерге кайгырып журуп кайтыш болдубу ошондо.
0
katerina.li
2020-05-25 08:44:34
Ишенбейм
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан