АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Твиттердеги баракчасына жарыялаган билдирүүлөрүн кээде анын жардамчысы чыгарып турарын жаңылыктар программасынын бирине берген интервьюсунда айтып берген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Мен билдирүүлөрүмдү түнү же эртең менен өзүм жарыялайм. Ал эми жумуш убактысы башталганда менин колум бошобойт. Анда менин жардамчым билдирүүлөрүмдү чыгарып турат. Менде бир кызматкер бар. Ал укмуштуудай иштейт", - деген Трамп жаңылыктар программасынан журналисти Шерил Аткиссон менен болгон маегинде.