АКШнын президенти Дональд Трамп быйыл күзүндө өтүүчү президенттик шайлоодо анын жеңишке жетишин Орусия президенти Владимир Путин каалабайт. Бул тууралуу АКШ президенти жергиликтүү басылмаларга билдирген.
"Ал мени жакшы көрөт. Бирок Путин менин шайлоодо жеңишимди каалабайт", - деген Трамп.
Анын билдирүүсүндө, Кытай дагы Трамптын шайлоодон жеңишке жетишин каалабайт.
Мындан тышкары Дональд Трамп шайлоодогу башкы атаандашы, АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байдендин эч кандай оң сапаттары жок экенин айткан. Ал эми Жо Байден өлкөдө коронавирус инфекциясы күчөп жатса Трамп гольф ойноп жүрөт деп сынга алган.
АКШда президенттик шайлоо ушул жылы 3-ноябрда өтөт. Анда Трамп экинчи мөөнөткө аттанат.