Акыркы 14 күндүн ичинде Бразилияга барган чет элдиктерге АКШга кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коронавируска каршы күрөшүү максатында Бразилияга эки апта ичинде баргандарга АКШга кирүүгө тыюу салынды. Бул Бразилияда коронавирустун күчөп жаткан абалына байланыштуу экени айтылат. Тийиштүү документке Дональд Трамп кол койгон.