Көптөгөн күмөн ойлорду жараткан Түндүк Корея лидери кайрадан эл алдына чыкты

Акыркы үч аптадан бери эл алдына чыкпай калган Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын аталган өлкөнүн Эмгек партиясынын Борбордук Аскердик комитетинин кеңейтилген жыйынына катышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Түндүк Кореянын лидеринин катышуусу менен өткөн жолугушууда өлкөнүн аскердик өнүгүү алкагындагы стратегиялык багыттары, ошондой эле Куралдуу күчтөрдү андан ары чыңдоо боюнча уюштуруу жана саясий иш-чаралар талкууланган.

Ким Чен Ын акыркы жолу эл алдына 1-майда чыккан. Анда лидер Сунчхон шаарындагы жер семирткичтер заводунун ачылышына катышкан. Андан кийин АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О'Брайен ал адам Ким Чен Ын эместигин, ага окшош адам болушу мүмкүн экендигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aman_90
2020-05-25 21:42:48
Бизге Кыргызстанга Ким Чен Ындай эле лидер керек болуп калды!Дуйнодо бир ушул адам АКШны титиретип турат басынбай!Ушундай адам келсе жепжутарлардын баарын атып жок кылып,чек араны бир жумада чечип коймок!
+10
Milduri
2020-05-26 04:30:31
Aman_90, Абдан туура, бизге Ким Чен Ынды алып келип президент кылышыбыз керек, бир жылда чек араны тактап, тажиктерди титиретип коймок.
+2
akmanai
2020-05-25 21:42:56
Ким Чен Ынга не мынча кызыктынар)
-2
Mashyrbek
2020-05-25 21:50:47
Бизге Ташиев керек чыныгы мекенчил чек ара чыры чечилмек
-3
leilekstan_1987
2020-05-25 21:53:52
Ушул Президенттин саясатын колдоймун мен чек арасын тактап темирдей бекем тартипти орнотуп койгон олкосуно
+5
KalenAlmaz
2020-05-25 23:48:20
Кудай озу сактасын андай Ким Чан Будундан.Атасы олгондо ыйлабагандарды атып камап жок кылган.Анан силерге керек имиш ошондой лидер.
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан