Мас абалында чакырууга келген медицина кызматкерлери жумуштан алынды

Казакстанда чакырууга мас абалында келген дарыгерлердин видеосу социалдык тармакка тараган. Териштирүүдөн кийин аталган медицина кызматкерлери жумуштан алынгандыгы тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Социалдык тармакка тараган видеодо "Тез жардам" кызматына чакырган тараптагы аял алардын үйүнө келген медицина кызматкерлерин мас абалда экендигин айтат. Алар анын сөзүн четке кагып, бирөөсү "мен жөн гана кекечтенип жатам" деп актанат.

Кийинчерээк роликтин автору алардын кызматынан баш тартып, экинчи бригаданы чакырган. "Медицина кызматкерлери кетпей жатып араң чыгышты. Биз алардын аты-жөнүн билип алалы деп артынан станцияга бардык. Видеодо кыйкырып жаткан фельдшер кыз, ал подъездде да дубалды колу менен чапкылап жаткан", - деген арыздануучу.

Аталган медицина кызматкерлерине карата арыздануучу тарап полиция кызматына арыз жазган. "Биз 88 жаштагы чоң энебизге жардам керек болуп, медицина кызматкерлерин чакырганбыз. Экинчи бригада келгенче энебиздин кан басымы 220га көтөрүлүп кетиптир", - деген арызданган аял.

Окуя болгон Караганда облусунун саламаттыкты сактоо башкармасынын басма сөз кызматынан медицина кызматкерлери мас абалында болгонун тастыктап, жумушунан бошотулганын билдиришкен.

Казакстанда "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери чакырууга мас абалда келишкен
Казакстандык "Тез жардамдын" мас кызматкерлери
Мас абалында бейтапка келген дарыгерлер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2020-05-26 00:10:17
Медицина кызматкерлерин милиция кызматкерлери алып кетиптир да.
+1
kulundu.89
2020-05-26 20:17:49
Карганы бүркүт чокуйт экен да эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан