Орусияда ымыркайды асфальтка чаап салам деп коркуткан адамды сот 8 жылга камакка алуу чечимин чыгарды

Орусиянын Челябинск шаарында бир айлык ымыркайды өлтүрүү аракетин көргөндүгү үчүн сот 25 жаштагы адамды 8 жылга эркинен ажыратты. Эми ал катуу режимдеги түзөтүү абагында жаза мөөнөтүн өтөй тургандыгын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, өткөн жылдын июль айында соттолуучу чогуу жашаган аял менен болгон жеке пикир келишпестиктеринен улам аялдын бир айлык баласын көчөгө алып чыгып кеткен. Андан кийин ал баланы башынан кармап алып жерге таштап өлтүрөм деп коркуткан сөздөрүн бир нече жолу кайталаган. Мындан тышкары ал баланы өтүп бараткан унаалардын дөңгөлөгүнүн алдына ыргытып жибере турганын айткан. Баланын апасы ымыркайын аман-соо берүүсүн айтып, талашып жүргөнү менен аны көзгө илген эмес.

Баланы соттолуучунун бул аракеттеринен полиция сактап калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rola
2020-05-26 10:11:32
Озунун баласы бекен?Тооба кылдым адамдар эмне болуп баратат?
0
Agayu
2020-05-26 12:04:41
rola,Адамдар эч нерсе болбой эле , просто ал акылынан адашкандар да .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан