Каракалпакстанда 13 жаштагы баласын 15 миң долларга сатууга аракет кылган аял кармалды

Каракалпакстан автономдук республикасында өз баласын 15 миң долларга сатууга аракет жасаган аял кармалды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Каракалпакстандагы Беруни шаарынын ички иштер бөлүмүнө Кундуз аттуу аял 13 жаштагы баласын мыйзамсыз сатканы жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал аялдын экинчи баласы болгон.

"Маалымат текшерилгенден кийин шектүү аялга берилүүчү акчалар алдын ала белгиленет. Ошентип укук коргоо органдарынын кызматкерлери аялдын үйүндө алып-сатуу операциясы жүрүп жатканда, кирип барышкан. Жеринде мурда белгиленген акчалар далил катары алынган. Шектүү 15 миң доллардын баарын алганга жетишкен. Баланын энесине карата "адам сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ага 12 жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратуу өкүмү берилиши мүмкүн. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kennedy
2020-05-26 15:16:41
АстагфируЛлах
0
Mylatka..
2020-05-26 19:27:36
Тобооо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан