Бүгүн, 26-майда Москва шаарынан Бишкек шаарына чартердик каттам менен 372 жаран учуп кетти. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен маалымдашты.
"Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбековдун Орусиядагы Кыргыз жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык 26-майда Москва шаарынан Бишкек шаарына чартердик каттам менен 372 жаран учуп кетти. Бул каттам менен 5 айдан 8 айга чейинки мөөнөттөгү 319 кош бойлуу аял, ошондой эле 2 жашка жете элек балдары менен 53 эне жөнөтүлдү.
Ошондой эле бул каттам менен баасы "эконом-класс" багытындагы орундардан 6 эсе жогору "бизнес-класс" багытынан орун алган 26 жаран жөнөтүлдү. Негизинен алар оорукчан жарандар, ошондой эле жакындарынын каза болгондугуна байланыштуу чыккан аялдар болду. Мындан сырткары Орусия тарабынан бул каттамга Орусиянын жарандары болуп саналган 5 жаран киргизилди.
Аталган авиакаттам менен учуучу жүргүнчүлөрдүн тизмеси Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы тарабынан сунушталган Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарынын өкүлдөрү жана дарыгер, юристтер кирген байкоочу кеңештен турган жумушчу топтун жыйынында бекитилди. Жумушчу топтун ишинин жүрүшүндө бардык маалымкаттар текшерилип, кош бойлуулар катталып, УЗИ корутундуларын алган тийиштүү медициналык мекемелерге чалышып, аныктыгы тастыкталды.
Дарыгерлердин корутундусу боюнча 33 кош бойлуу аялга учууга уруксат берилген жок, себеби мөөнөтү чоң болгон жана ар кандай патологиялары катталган", - деп билдиришет мекеменин маалымат кызматынан.