Чарчап калды деп ойлошкон. Индияда ара төрөлгөн ымыркайды ата-энеси тирүүлөй көмүп салышкан

Индиянын Гуджарат штатында ата-энеси жаңы төрөлгөн кызын чарчап калды деп ойлоп, тирүүлөй көмүп салышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Эртең менен өтүп бараткан адам көмүлгөн жерден ымыркайдын ыйлаган үнүн уккан. Кошуналарына окуяны айтып, алар "Тез жардам", полиция кызматын чакырышкан. Медицина кызматкерлери кечиге бергендиктен жергиликтүү тургундар күтпөй жакынкы бейтапканага кызды алып барышкан. Медициналык мекемеде ымыркайды таанышып, апасын бир күн мурун төрөткөнүн айтышкан.

Маалыматка ылайык, ымыркай 6 жарым айында төрөлгөн. Аталган клиникада жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн жандандыруу бөлүмү жок болгондуктан, дарыгерлер ата-энесине менчик ооруканага алып баруусун сунушташкан. Ал эми ата-энеси кызын ооруканадан алып баратканда кыймылдабай калганын жана алар чарчап калды деп ойлоп көмүп салышканын айтышкан.

Тилекке каршы, дарыгерлердин аракетинен майнап чыкпай, ымыркай чарчап калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан