Боливиянын Чайянта провинциясында жашаган 3 ага-ини жөргөмүш адам болобуз деген ишеним менен эң уулуу деп эсептелген каракуртка өздөрүн чактырышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
8, 10, 12 жаштагы балдар жөргөмүш адам тууралуу мультфильмдеги каармандан таасирленип, жөргөмүш чакса, супер баатырга айланабыз деп ойлошкон. Тилекке каршы, жөргөмүш чаккандан кийин балдардын ичи ооруп, жүрөгүнүн согушу күчөгөн. Балдарынын абалын көргөн энеси тез арада жергиликтүү ооруканага жеткирген. Ал жактан берген дарылар балдарга жардам бербей, Льяльягуа шаарындагы ооруканага которушкан. Ал жактан да ага-инилерге жардам бере алышпай, Ла-Пас шаарындагы балдар ооруканасына жеткиришкен. Балдар ооруканасында үчөөнө атайын курт-кумурскалар чакканына каршы дарыны берип, аман алып калышкан. Жөргөмүш адам болгусу келген ага-инилер 5 күн дарыланган соң ооруканадан чыгарылган.
Өлкөнүн эпидемиология жана саламаттыкты сактоо министри Виржилио Пьетро бул окуя тууралуу коронавирус эпидемиясына байланыштуу пресс-конференцияда айткан. "Балдар үчүн мультфильмдеги каармандар чыныгы жашоодогудай сезилиши мүмкүн. Андыктан бул нерсеге ата-энелер көңүл бөлүүсү керек", - деген министр.