Тукумсуздук менен жабыркаган Англиянын Ипсуич шаарынын тургуну изоляция маалында боюна бүтүп, учурда 3 эм күтүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
29 жаштагы Шеннон Стилге 15 жашында поликистоз синдрому (урук бездеринин ичи-тышын былжырлуу шишиктин капташы) диагнозун коюшкан. Анын натыйжасында Шеннонду келечекте тукумсуз болуп калышын айтышкан. Шеннон турмушка чыккан соң күйөөсү менен балалуу болууга көп аракет кылышкан. Акыры жыйынтык чыкпаган соң ЭКУ (жасалма уруктандыруу) ыкмасын жасоону пландап жүрүшкөн. Мартта коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин жарыяланган учурда Шеннон кош бойлуу экендигин билген. Анда да бир эмес, 3 эм күтүп жатканы алар үчүн күтүлбөгөн кубанычтуу кабар болгон. "Мени бир гана капалантканы, пандемия учурунда боюма бүткөнү болуп жатат. Ооруканага гана барганым болбосо, башка эч жакка чыга албай, дос, туугандарым менен көрүшүп, кубанычым менен бөлүшө албаганыма ичим ачышып жатат", - деген Шеннон.