
Бала дүрбөлөңгө алдырбастан, кадр сыртындагы адамдын айткандарын жасаган. Ал эми аюу улам алдыңкы буттарын көтөрүп чабуул жасачудай түр көрсөткөн. Бир маалда бала апасын чакырып кыйкырганын укса болот. Бирок ал акырындан аюудан алыстап, коопсуз жерге жете алган.
Видео пайда болгондон кийин, аюуга жолуккан 12 жаштагы Алессандро аттуу Италиянын тургуну экени маалым болгон. Ал апасы жана анын шериги менен тоо жакка эс алганы барып, ушундай окуяга туш болгон. Колдонуучулар мындай кооптуу абалда калган баланы камерага тартышкан деп коштоп жүргөндөрдү сынга алышкан.
Зоологдордун айтымында, аюулар жырткыч жаныбар болсо да, көпчүлүк учурда тынч келишет. Бирок анын жашаган аймагында адамдын жүргөнүн көрсө, аны коркунуч катары баалап, кол салган учурлар кездешет.