Москвада асфальт төшөп жаткан жумушчулар тыныгуу маалында жолдун жээгинде шишкебек бышырабыз деп айыпка жыгылышты. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат.
Маалыматта жумушчулар мангалды так жолдун жээгине коюп алганы айтылат.
"Мангалдан чыккан түтүн жолдон өтүп бараткан айдоочуларга ыңгайсыздык жараткан. Көп өтпөй шишкебек бышырылып жаткан жакка полиция кызматкерлери келип, тартип бузган жолчуларга протокол түзгөн. Асфальт төшөп жаткандар "Мосавтодор" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери экени аныкталган. Эми окуянын себептерин укук коргоо органдары териштирүүдө", - деп жазылат маалыматта.