Күчүктөрүн алып чыгам деп өрттөнгөн үйгө кирген аял каза болду

Филиппиндин Баколод провинциясынын тургуну өрт чыккан үйүндө калып калган күчүктөрүн алып чыгам деп каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

21-май күнү 36 жаштагы Мишель Мирасолдун үйүнөн өрт чыккан. Аял үй-бүлөсү менен үйдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн. Бирок капаста 6 күчүгү калып калгандыктан, Мишель аларды алып чыгам деп үйгө кайра кирип кетип, чыкпай калган.

Маалыматка караганда, Мишель иске ууланып, көз жумган. 5 күчүк кожойкеси менен кошо ууланып өлгөн, ал эми 1 күчүктү өрт өчүрүүчүлөр куткарып калышкан. Мишелдин жансыз денесин күчүктөрдүн капасы турган жерден табышкан.

Өрт өчүрүү кызматынын башчысы жергиликтүү тургундарга күйүп жаткан үйгө эч кимди киргизбөө керектигин эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан