АКШнын президенти Дональд Трамп быйыл күзүндө өтүүчү президенттик шайлоодогу атаандашы Жо Байденди табыт көтөрүп бийлеп атактуу болгон ганалык адамдардын табытына койду. Бул тууралуу видеону АКШнын президенти өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.
Видеодо Трамп табытка "Президент Байден" деп жазып койгон.
Буга чейин президенттикке талапкер Жо Байден коронавирус инфекциясы күчөп жатса, Дональд Трамп бет кап тагынбай гольф ойноп жүрөт деп сынга алган. Ал эми Трамп Байдендин эч кандай оң сапаттары жок экенин айткан.