Япония туристтерге күнүнө 185 доллар каражат төлөйт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул демилгеге 12 миллиард 5 миллион доллар бөлүндү. Мунун максаты туристтерди тартуу болуп саналат. 185 доллар Японияда жүргөн туристтердин чыгымдарынын болжол менен жарымын жабат. Бул программа июль айынын аягында иштеп баштайт. Субсидия алуу үчүн түздөн-түз же япон туристтик агенттиктеринин жардамы менен мейманкананы брондош керек.