Ош шаарынын коменданты: "Спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын деген буйрук жокко чыгарылды"

Бүгүн, 17- апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдиновдун катышуусунда кезектеги онлайн маалымат жыйыны өттү.

Жыйында 13-апрелде спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салган буйрук кайра эмне себептен жокко чыгарылганы тууралуу суроо узатылды.

"13-апрелде чыккан буйрукту түзөтүү жана толуктоо максатында жокко чыгардык. Бул жергиликтүү бийликтер, депутаттар жана салык кызматы менен кеңеше турган, добуш менен чечиле турган иш экен.

Ошондуктан буйруктун айрым жерлерин такташып туруп, кайрадан карап чыгалы деген чечим кабыл алдык. Бирок спирт ичимдигин саткандарга эскертүү берилип жатат. Ошол жактагы элдин саламаттыгы үчүн жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн 14 күн чыдап, аны сатпай турушун айтып жатабыз"
, - деди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Omar.
2020-04-17 13:03:16
Конечно, арак заводдун баары чиновник депутаттардыкы болсо
+5
robot111
2020-04-17 14:45:56
Буйруктун жокко чыгарылышынын бир себептери бардыр.
0
Bars88
2020-04-17 13:10:45
Арак заводду жапса качан эле тугонмок да.Калган жерлерди жапты арак чыгаргандар аны ташыгандар башкачабы же акпы бир жери
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-04-17 13:25:17
Алкаши!!!
-4
aybek88
2020-04-17 13:39:17
Арак сатууга тыюу салынса элдер самогонго отуп алышатта коп адамдар самогонго уланып олушот тураа эле кылды
+4
aybek88
2020-04-17 13:40:55
Кыргыздарга арак ичкен жарашпайт негизи 200-300 грам ичишсе эле мас болуп оздорунон кетип калышат. Европалыктар арактан 4-5 эсе кучту вискини канча ичсе деле мас болушпайт
+6
chake
2020-04-17 14:22:51
Аракты жаман көрбөгүлө аракка шылтап арактын кулу болгондорду жаман көргүлө баардык нерсе чектен ашкандан кийин өзүнүн терс таасирин тийгизет негизгиси чектен ашпасак болгону
0
Samatalibei
2020-04-17 14:32:30
Канат Каниметов максатына жетиптир да. Арака тыюу салыныптыр деп аябай тынчсызданып жатты эле. Силер каалагандай болуптур эми каалагандай иче берсеңер болот.
0
medet1983
2020-04-17 15:00:22
Кичиден жутуп койсо эчнерсе болбостур,он граммдык стакан менен.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан