УКМК: "Жалган маалымат тараткан кезектеги адамдар кармалды"

Жалган маалымат тараткан кезектеги адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-26-март күндөрү УКМК жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында, 1992-жылы туулган Кара-Балта шаарынын тургуну Р.Э. жана 1993-жылы туулган Жайыл районунун тургуну С.А. аныкталды.

Бул жарандар социалдык тармактар аркылуу жергиликтүү райондук жугуштуу оорулар бөлүмүндө коронавирус жуктурган 15 адам жатат деген жалган маалыматтарды таратышкан. Кармалган жарандарга профилактикалык иш-чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Эскерте кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү 0312 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
assanov97
2020-03-28 10:29:48
Сакалынар ортонсун сакалга татыкту эместер
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан