Угандада мусулман киши христиан динин кабыл алган кызын сабап, өрт коюп жиберген

Угандада ислам динин тутунган атасы кызынын христиан динин кабыл алганын угуп сабап, өрт коюп жиберген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

24 жаштагы кыз атасынын жумушуна байланыштуу Замбия өлкөсүндөгү Мбала шаарына узатып барып, эжесиникинде жашап калган. Карантин киргизилгенине байланыштуу кайра Угандага кайта албай жүргөн. Ошол жактан ал христиандык радиопрограммаларды угуп, таасирленет. Май айында кыз атасынын христиан динин тутунган таанышына чалып, аны менен христиан дини тууралуу сүйлөшөт. Алардын сүйлөшүүсүн угуп калган атасы жинденип, кызын сабап, бензин куюп өрт коюп жиберген. "Атам эжесине менин христиан динин кабыл алганымды жана мени өлтүрөйүн деп жатканын айтыптыр", - деген кыз. Күйүп жаткан кызды эжеси сактап калып, тез арада ооруканага жеткирген. Учурда жабырлануучу буту, ичи, моюну, белинен күйүк алып медициналык мекемеде жатканы айтылат.

Окуядан кийин эч ким полиция кызматына кайрылган эмес.

"Morning Star News" басылмасынын берген маалыматына ылайык, Уганданын 12 пайызын мусулмандар түзөт. Өлкөдө дин тутуу эркиндиги каралган жана жашоочулар каалаган динге өтө алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sakura715
2020-05-28 19:47:42
Динге тиешеси жок,бирок өз кызына өрт коюу жеткен акмакчылык.Кудайга шүгүр ушундай караңгылар арасында төрөлүп калбаганыма))))))
+12
Bekish-
2020-05-28 19:49:57
Христиан диндин эмнесинен таасирленет, таасирленгидей жакшы эч нерсе жок го
-2
Jeltelmen.99
2020-05-28 19:57:12
Bekish-,акчасына кызыкса керекда бизде деле барго акча учун башка динге откондор
+6
al-abu-kinesz
2020-05-28 20:29:30
Эгерде атасы оз убагында Ислам менен тааныштырганда христиан дининин чаташып кеткен дин экендигин тушунмок.
+10
bazar
2020-05-29 18:05:44
Религии мира: 32% населения планеты составляют христиане, 23% – мусульмане, 15% - индуисты, 7% - буддисты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан