Коронавирусту алдын алуу үчүн Кыргыз өлкөсүндө намазга массалык түрдө топтолуу чектелет. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда коронавируска байланыштуу жыйында саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Анын айтымында, бул темада алар Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандар дин башкармалыгына жолугуп, сүйлөшүү өткөрүшөт. "Вирусту алдын алуу үчүн элдин көп топтолгон жерин чектешибиз керек. Намазды адамдар топтолбой эле өз алдынча үйдө окуп турса болот", - деди Чолпонбаев.