Ааламды каптаган коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 850 миң 996га жетти. Эпидемия башталган Кытайда абал турукташып, вирустан көз жумгандардын саны кыскарып, айыгып чыккандар көбөйүүдө.
Пандемиянын артынан дүйнө жүзүн каптаган каржы каатчылыгы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасына терс таасирин тийгизди. Британиялык ВВС басылмасы бул каатчылыктан эң биринчилерден болуп кайсы өлкөлөр чыгарын өз изилдөөсүнө таянып, болжолдоп көрүшкөн. Алар өз изилдөөлөрүндө "Экономикалык коопсуздук индекси-2019" рейтингине таянышкан.
Биринчи орунда Дания өлкөсү турат. Ал "Экономикалык коопсуздук индекси-2019" рейтингинде 2-орунда жайгашкан. Өлкөдө 11-мартта бир нече гана адам вирус жуктуруп алгандыгы белгилүү болгон. Бийлик өкүлдөрү дароо бардык мектеп, ЖОЖдорду, менчик ишканаларды жаап, өлкө аймагына бир дагы чет элдик жаранды киргизбей койгон.
Рейтингде 21-орунда турган Сингапур бул тизмеде 2-орунда. Экономикасы күчтүү өлкө. Вирус дүйнө жүзүнө тарай баштаганда алдын алуу иштерин мыкты уюштуруп, карантин жарыялаган. Эреже бузгандар жарандыгынан жана жумушунан ажыраган.
АКШда бийлик экономиканы калыбында кармап турууга 2 триллион доллар салып, элине социалдык колдоолорду көрсөтүп жаткан убагы. Адистер бул колдоолор пандемиянын кесепетин жеңилдетип, экономиканы тез калыбына келтирүүгө шарт түзөт деп билдиришкен.
Жугуштуу оорулар менен күрөшүүдө тажрыйбалуу болгон Руанда буга чейин дагы бир нече өлкө менен биргеликте эң коркунучтуу деп эсептелген эболаны жеңгени бардыгыбызга маалым.