Дүйнө жүзүндөгү эң кары эркек киши деп саналган англиялык Роберт Уэйтон 113 жашында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, ал 28-майда өпкө рагынан көз жумган. 1908-жылы 29-мартта туулган Уэйтон өзүнүн 112 жашын коронавирус пандемиясынан улам жакындары менен белгилей алган эмес. Ал 1937-жылы үйлөнүп, эки уул, бир кызды тарбиялаган. Анын 10 небереси жана 25 чөбөрөсү бар.
Уэйтон каза болгондон кийин дүйнөдөгү эң улгайган эркек наамын 1909-жылы 8-февралда төрөлгөн румыниялык Думитру Команеску жана испаниялык Сатурнино де ла Фуенте ээлеп калышты.