АКШнын Миннеаполис шаарында полиция кызматкерлеринин кармоо учурунда теги африкалык Жорж Флойддун каза болгонуна байланыштуу нааразычылык акциялары күн санап күчөөдө. Мындан улам аталган шаарга 72 сааттык өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Полиция кызматкерлеринин Жорж Флойдду кармоо учурундагы видео коомчулукка тараган соң эл арасында катуу нааразычылыкты пайда кылган. Окуя орун алган 25-майдан тартып бүгүнкү күнгө элдин кыжырдануусу токтой элек.
28-майга караган түнү шаарда ок атышуу болуп, жерине келген полиция кызматкерлери канжалаган адамды табышкан. Ал ооруканага жеткирилгенде каза болгон. Учурда Миннеаполис шаарында массалык баш аламандык, жашоочулар менен полициянын ортосунда кагылыш орун алып, бир топ имараттарга өрт коюлган. Флойдду кармаган офицерлер иштеген полициялык участоктун айланасына, мэриянын аймагында толтура адам чогулуп жатканы маалымдалат.
Эске салсак, 25-май күнү 4 полиция кызматкери Жорж Флойдду жасалма чек колдонгон деген шек менен кармашкан. Полициянын бири аны жерге жаткырып, моюнуна бутун коюп алганын көрсөткөн видео тараган. Алгач "мен дем ала албай жатам" деп жалбарган Флойд бир аздан кийин эсин жоготкон. Аны "Тез жардам" кызматы менен ооруканага алып барышканы менен сактап кала алышкан эмес.
Жорж Флойддун өлүмү коомчулукта резонанс жараткандан кийин шаардын полиция кызматынын жетекчилиги 4 офицердин жумуштан четтетилгенин билдирген.
Миннеаполис шаарынын мэри Жейкоб Фрей шаарда баш аламандык күч алып жатканына байланыштуу жашоочулар жана шаар коноктору чоң жаракат алуу же өлүмгө дуушар болуу коркунучунда турарын белгилеп, өзгөчө кырдаал режимин киргизген.