Эң узакка сакталган коньяк сатылды. Канчага дебейсизби? 144 миң долларга...

Дүйнөдөгү эң көп сакталган коньяктардын бири 144 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 1762-жылкы эң көп сакталган коньяктардын бири 118 миң 580 фунт-стерлингге (болжолдуу 144 миң доллар) сатылган. Аукцион жүргүзгөн Sotheby`s үйүнүн сайтында коньякты болжолдуу 99дан 198 миң долларга чейин баалашканы жазылат. Ал эми коньякка 144 миң долларды аянбай берген Азиянын тургуну болгон.

Кымбатка кеткен бул спирттик ичимдиктен башка коньяк сактаган үй-бүлөнүн дагы эки бөтөлкөсү болгон. Анын бири 2014-жылы аукциондо сатылып, экинчиси Сан-Хуанда Готье музейинде сакталуу экени белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
TIMON_BERKOWITZ
2020-05-29 23:33:14
Кыргыз конягынан бирди алып сактап коем деп, үйгө алып келгенден кийин сактагым келбейт калып жатат)
+12
Husan
2020-05-30 18:18:22
TIMON_BERKOWITZ,
0
bond02
2020-05-30 00:09:23
Омур бизден отуп кетсе эл коньяктан эстесин болуптур да, саткан кишиге ал коньяк канчанчы атасынан бери келди экен.
+6
AidaKurman
2020-05-31 07:55:15
Ээх ошончо акчам болсо кана эле. Уй жай алып бала чакам менен очор бачар жашамакмын.
0
0001KG
2020-05-31 08:28:19
Акылы жок азиялык, ошончо акчага конякты алып сенда жинди экенсиң. Эми кеткен акчаңды акташ үчүн, бир көтөрүп эле ичип койбой, биздин Ашага окшоп 50 грамдык стаканыңа куйуп күндө бирден урат экенсиңда, уурттап. Кырыгызстанга келсең анча акчаңа бир фура Кыргыз конягынан басып кетип, күнүнө бир бөтөлкөдөн жутаа жута ичмексиң моокумуң кандырып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан